ЖАЛБЫРАК
ЖАЛБЫРАК (лат. folium, гр. phellon) – татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги органдарынын бири. Ал фотосинтез, транспирация ж-а газ алмашуу процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ ж. б.) жайгашат. Ж. пластинкадан ж-а саптан турат. Айрым өсүмдүктөрдүн Ж. сабы болбойт, алар сапсыз Ж-тар деп аталат (дан өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүктөрдүн, мис., чатырдуулардын, дан өсүмдүктөрүнүн Ж-тарынын негиз (түп) жак бөлүгү жазы келип, сабакты аздыр-көптүр курчап тургандыктан, Ж. к у ч а г ы делет. Ж-тын өлчөмү ар түрдүү; көпчүлүк өсүмдүктөрдүкү уз. 3–10 см; кай бир тропик өсүмдүктөрдүкү өтө чоң болот. Мис., рафия пальмасынын Ж-ынын сабы 4–5 м, пластинкасынын уз. 20 м, туурасы 12 мге жетет.

Кырг-ндын флорасында чоң Ж. даракта эмес чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. Морфол. түзүлүшүнө байланыштуу Ж-тын көп түрү бар. Алар жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир эле пластинкадан ж-а саптан турганы – ж өн ө к ө й, ал эми башкы Ж. сабы ж-а ага жайгашкан экинчи, үчүнчү иреттеги каптал Ж-чалуулар т а т а а л деп аталат. Анда жалпы Ж. сабында экиден же андан көп Ж. жайгашат. Ж. санына жараша үчүлүк (беде), манжадай, канаттай татаал болуп да бөлүнөт. Пластинкасынын формасына, кырынын түзүлүшүнө, тарамыштануусуна жараша Ж. түрдүүчө болот. Жөнөкөй Ж. жээгинин түзүлүшүнө жараша бү-

түн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай ж. б. болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу Ж-тын пластинкасы жазы бөлүктөргө бөлүнөт. Андан тышкары Ж-тын түктүү, түксүз, бырыштуу, жылмакай, калың ж-а жука түрлөрү да учурайт. Ж. түрдүү түзүлүштө болсо да, анат. түзүлүшү окшош. Астыңкы ж-а үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлоренхимадан түзүлгөн негизги ткань – мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети кутикула, анын сыртында мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар Ж-тын кургакчылыкка чыдамдуулугун арттырып, тышкы таасирден коргойт. Эпидермадагы

үттөр аркылуу Ж-та тышкы чөйрө м-н газ алмашуу, транспирация жүрөт. Мезофилл хлоропласттарга бай, анда майда өткөргүч боочолор (тарамыштар) жайгашат. Эвол. өрчүү маалында аткарган функцияларынын өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөр Ж-тарынын түрүн
өзгөрткөн. Мис., пияз м-н капустанын Ж-тары
азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүмдүктөрдүн Ж-тары 6 айга жакын турат, вегетация мезгили бүтөрү м-н кургайт, ал эми дайыма жашыл өсүмдүктөрдүкү бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланып турат. Ж. сабакка жарык көбүрөөк түшкүдөй болуп жайгашат (к. Жалбырак жайгашуу).
Өсүмдүктүн өсүшү ж-а продукттуулугу Ж-та
өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон заттардын санына ж-а сапатына жараша болот.
Өсүмдүктөрдүн вегетациялык көбөйүүсүндө да
Ж-тын мааниси чоң. Көп өсүмдүктөрдүн Ж-тары тамак (козу кулак, ашкөк, капуста, пияз ж. б.)
ж-а тоют катары колдонулат. Алардан дарыдармек, парфюмерия, кондитер ж-а тамак-аш
ө. ж-на керектелүүчү эфир майлары да алынат.
Ад.: Кудряшова Л. В. Ботаника. 7-е изд., т. 1. М., 1966.