ЖАЛБЫРАК ЖАЙГАШУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛБЫРАК ЖАЙГАШУУ , ф и л л о т а к­с и с – жалбырактын сабакта жайгашуу тарти­би. Ал өркүндүн түзүлүшүнүн симметриясын чагылдырат. Өсүү конусундагы жалбырак түйүл­дүгүнүн орун алышына көз каранды, демейде сис­тематикалык белги болуп эсептелет. Жалбырак сабакка күн нуру жакшы тийгидей ыңгайланып жайгашат. Ж. ж-нун 3 түрү белгилүү. Ке­зектешип жайгашууда сабактын ар бир мууну­на бирден жалбырак (кайың, күн карама, ит мурун), тушташ жайгашууда ар бир муунда эки­ден жалбырак өсүп, жалбырактарынын бири экинчисинин каршысына орношот (сирень, зараң), чалгычтай же тегерек жайгашууда муун­да үч же андан ашык жалбырак жайгашат (эло­дия, кырк муун, рута).