ЖАЛИЛ
ЖАЛИЛ (Ж а л и л о в, Залилов) Муса Мустафович (2. 2. 1906, Татарстан, Мустафин кыш. – 5. 8. 1944, Берлин) – татар акыны, Сов. Союз. Баатыры (1956, өлгөндөн кийин). ММУнун ад-т ф-тин бүтүргөн (1931). ВЛКСМ БКнын татар балдар журналынын редактору (1931–41). Чыг-лыгы 1919-жылдан башталган. 1925-ж. алгачкы «Биз баратабыз» деген ырлар ж-а поэмалар жыйнагы чыккан. «Өткөн жолдор» (1924–28), «Эпкиндүү партизан» (1930), «Кат ташыгыч» (1940) ж. б. ырларында ошол кездеги жаштардын эпкиндүү эмгегин даңазалаган. «Алтын чач» (1941; СССР мамл. сыйл., 1948) ж-а «Ильдар» (1941) операларына либретто жазган. «Маобит дептери» ырлар цикли (1957, Лениндик сыйл.) – адамдардын каармандыгынын ж-а туруктуулугунун гимни. 1968-ж. ал ж-дө «Маобит дептери» аттуу фильм тартылган. 1942-ж. жарадар болуп туткунга түшкөн. Фашисттик түрмөдө өлтүрүлгөн.
Ад.: Бикмухаметов Р. Г. М. Джалиль. Личность. Творчество. Жизнь. М., 1989.