ЖАМАН-ДАВАН
ЖАМАН-ДАВАН – Тогуз-Торо р-нундагы суу, Алабуганын оң куймасы. Уз. 64 км, алабынын аянты 335 км2. Жаман-Тоонун түн. капталынан башталып, жогорку агымында Сырт-Кашка-Суу аталып, Туура-Суу кошулгандан кийин Ж.-Д. аталат да, кууш өрөөн аркылуу түндүктү карай агат. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында өрөөнү кеңейип, саздуу келет. Жылдык орт. чыгымы 2,6–3,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.