ЖАМБАШ ЧАРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБАШ ЧАРАСЫ – адам скелетинин буттар­ды бириктирип, жамбаш кырчоосун түзүүчү төмөнкү бөлүгү. Ал эки жамбаш, куймулчак, чычаң сөөктөрүнөн турат. Ж. ч. кичине ж-а чоң болуп айырмаланат. Ж. ч. бел кырчоонун неги­зин түзгөндүктөн, омуртка тутумуна тирөөч. Түзүлүшүндө жыныстык өзгөчөлүктөр даана бай­калат. Аялдын Ж. ч-нын, жамбаш сөөктөрүнүн канатчалары жазы, куймулчак сөөгү жука, эр­кектердики узун ж-а кууш болот. Ж. ч-нын ал­дыңкы капталын чаткаяк сөөктөрү түзөт. Чоң Ж. ч-нда ич көңдөй мүчөлөрү, кичинесинде көтөн чучук, табарсык; эркекте простата ж-а урук ый­лаакчасы, аялда жатын, жатын кошумчала­ры ж-а жатын кыны жайгашат. Ж. ч-нын сөөктөрүнө арка ж-а омуртка булчуңдары бе­кийт. Аялдын Ж. ч-нын түзүлүшү м-н көлөмүнүн төрөттө мааниси чоң.