ЖАМГЫРЧИНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы (15. 10. 1914, Пиш­пек уезди, азыркы Сокулук р-ну, Күнтуу айы­лы – 31. 10. 1982, Бишкек) – тарых илимд. док­тору (1950), проф. (1951), Кыргыз ССР ИАнын

академиги (1954), Кыргыз

ССРинин илим ж-а техни­ка б-ча мамл. сыйл. лауреа­ты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кош­кон тарыхчылардын бири. 1936-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөндөн кийин, ошол эле ин-тта окутуучу, 1943–50-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук ил. кызматкер, 1950–51-ж. филиалдын Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда директор, 1951–54-ж. КМУнун ректору, 1954– 55-ж. Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–76-ж. вице-президенти, 1976–82-ж. Тарых ин-тунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иш­теген. Ж. өз эмгектеринде негизинен кыргыз­дардын этногенезин ж-а этностук тарыхын, мад­тын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кырг-н м-н Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыяр­дуу кошулушу», 1963 ж. б.) ж-а кыргыз тары­хынын ар кандай багыттарына арналган көлөм­дүү эмгектерди, о. эле окуу куралдарын жазган. Кырг-ндын тарыхынын бардык басылыштары­нын авторлорунун ж-а редакторлорунун бири. Ж. 150дөн ашык ил., окуу китептин ж-а эмгек­тин (а. и. 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Ок­тябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Бел­гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.