ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ
ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ (ар. Б а х р - Л у т) – Ж. Чыгыштагы эң туздуу туюк көл. Иордания м-н Израилдин аймагында, Гхор (Эль-Гор) тектон. ойдуңунда деңиз деңг. 418 м төмөн жайгашкан (жээк аймагы – Жер шарындагы кургактыктын эң жапыз жери). Аянты 1050 км2,


уз. 76 км, тереңд. 356 м (башка маалымат б-ча 335 м). Жээктери чөлдүү, айрым жерлери аскалуу. Көлгө Иордан д. куят. Ж. д. дүйнөдөгү эң туздуу көлдөрдүн бири (туздуулугу 260–270, айрым жылдары 310‰ге чейин жетет). Аталышы сууда организмдин (бактериялардын айрым түрлөрүнөн башкасы) жоктугунан келип чыккан деп далилденет. Батыш жээгиндеги үңкүрлөрдөн 1947-ж. байыркы еврей, араб, грек, латын ж. б. тилдердеги кол жазмалардын (көбүнчө б. з. ч. 2-к. – б. з. 2-к-на таандык) үзүндүлөрү табылган. Ж. д-дин батыш жээгинде, Иордан д-нын чатында библия мифологиясындагы белгилүү Содом ж-а Гоморра ш. жайгашкандыгы божомолдонот. Түш. жээгинен калий ж. б. туздар казып алынат.