ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Ба­тыш ж-а Чыгыш Ж.-А. б. м.). Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Ак-Шыйрак суусу­нун алабында жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн уз. 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы де­ңиз деңг. 5335 м, этеги 3530 м бийикте жатат.
Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сынык­тары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяк­тайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жы­раңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-ж. мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. Уз. 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4940 м, этеги 3630 м бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдарда­гы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-ж. 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят.