ЖАҢЫБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫБАЕВ Омор (1916, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Арал айылы – 29. 12. 1983, ошол эле жер) – педагог, сов.-парт. кызматкер. Кырг-н КП БКнын алдындагы респ. парт. мектепти (1951), К

ыргыз мамл. пед. ин-тту

(1955) бүткөн. Арал айылы­на туңгуч башталгыч мек­тепти курган, кийин жата­каналуу орто мектептин курулушун бүткөрүп (1958), анда 30 жылдан ашуун ди­ректор, мугалим, партия­нын Жети-Өгүз р-ндук к-тинде инструктор (1948– 51), Талды-Суу р-ндук «Кол­хоз туусу» гезитинде жооп­туу редактор (1953–54) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхоздун парт­уюмунун секретары ж-а оокаттуу адам катары айылдагы жетим-жесир, жакыр адамдарга ма­териалдык жардам көрсөтүп турган. Ооруктагы эмгегинин зарылдыгынан улам согушка катыш­пай калгандыгына байланыштуу өз малын са­тып, Кызыл Армияга жардам катары самолёт курууга 40 миң сом жөнөткөндүгү үчүн 1943-ж. И. В. Сталинден алкыш кат алган. «1941–


45-ж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы м-н сыйланган. К. Жакыпова.