ЖАҢЫ-ЖОЛ ( Аксы районундагы кыштак)
ЖАҢЫ-ЖОЛ , М а л - К а л д ы – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округунун борбору. Мал-Калды суусунун боюнда, деңиз деңг. 870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен кыш-нан 20 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 40 км. Калкы 1875 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, мад-т үйү, дарыкана, амбулатория бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.