ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кырка тоосунун түш.-ба­тыш капталында, Манубалды ж-а Ак-Жол суу­ларынан Токтогул р-нунун чек арасына чейинки тоо капталдарын ээлейт. Аянты 30,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б-ды коргоо ж-а көбөйтүү максатында ую­шулган.