ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ
ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын түш.- батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) ж-а Түштүк (150,6 миң км2) а-н, о. эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер ж. б.) ж-а обо-


чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмпбелл ж. б.) аралдарды ээлейт. Ж. З-га Тынч океандын борб. бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ а. да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Борбору – Веллингтон. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Адм.-айм. жактан 16 районго бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)Ж. З. – БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, Экон. кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951–86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Ж. З. – Шериктештикке кирген конституциялык монархия. Мамл. башчысы – Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан турат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и партиялык тизме м-н, 7 депутат маорилерден шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр башкарган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт.
Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-ж. негизделип, социал. реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийликте. Улуттук партия 1936-ж. негизделип, ири ишкерлерге ж-а фермерлерге таянат. Жаңы Зеландия партиясы 1993-ж. уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеароа»(«Биздин мурас») саясий кыймылы 1974-ж. түзүлгөн.
гоого алынган. Ж. З-нын эмблемасы катары канатсыз киви алынган. Гейзерлер ж-а ысык булактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн туристтер келет.
Калкынын
негизин жаңы зеландиялыктар же англ.-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) ж-а маорилер (15%) түзөт, о. эле англистер, шотландыктар, голланддар жашайт. Мамл. тили – англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72%тейи Түндүк а-нда, 28%тейи Түштүк а-нда жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар
Табияты.
Ж. З-нын аймагынын 3/ бөлүгүнөн

ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк а-ндагы Түш. Альп тоосу (бийикт. 3664 м, Кук чокусу). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк а-нда тоолор азыраак, борб. бөлүгүнөн Жанартоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракеттеги жанартоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк а-нда ж-а Түштүк а-нын түн. бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында – мелүүн. Айлык орт. темп-расы 5–12°Сден 14–19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында – 2000–5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанартоолордон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал ж-а шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүмдүктөр түрүнүн 3/ ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптөгөн улуттук парктарда ж-а коруктарда флора м-н фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү кор-

калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң).
Тарыхы
. Ж. З-га 10–14-к-да Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-ж. Ж. З-га европалыктардан алгачкы жолу голланд деңиз саякатчысы А. Тасман барган. 1769-ж. аны англ. саякатчы – Ж. Кук изилдеген. 1839-ж. Британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-ж. Ж. З. Улуу Британиянын колониясы деп жарыяланган. 1843-ж. англ. колониячыларга каршы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-ж. гана басылган. 1907-ж. Ж. З. доминион статусуна ээ болуп, 1931-ж. сырткы ж-а ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945- жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия м-н саясий байланышы начарлап, АКШ м-н саясий ж-а аскердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Корея согушуна (1950–53), Вьетнам согушуна (1965–70) катышкан. Ж. З. өкмөтү Тынч океандын түш. бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу келишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демилгечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык ж-а региондук тынчтыкты ж-а коопсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо ж-а аларды сыноого каршы маселелер б-ча туруктуу көз карашта.
Экономикасы.
Ж. З. – а. ч. жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агр. өлкө. ИДП 97 млрд

АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн
үлүшү 65%, ө. ж-ныкы 25,8%, а. ч-ныкы 8,6%. Калктын 10%ке жакыны а. ч-нда, 25% ө. ж-нда, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004).
Ө. ж-нын башкы тармактары: тамак-аш, жыгач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, текстиль. Тез темп м-н өнүгүп жаткан балык ө. ж-нын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-ж. 32,4 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магнетиттүү кум, алтын, күмүш ж. б. казылып алынат.
А. ч-нын негизин жайытта асыралчу эт-жүн багытындагы уй ж-а кой чарбалары түзөт. Алдыңкы технология м-н жабдылган а. ч. сектору негизинен экспортко багытталган. Ж. З. – эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүйнөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Австралиядан кийинки 2- орунда), кой этин экспорттоочу дүйнөдөгү алдыңкы
өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн
уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа, сулу өстүрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат.
Ж. З. сырткы сооданын
өлчөмүн киши башына бөлүштүргөндө дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жакынын түзөт.
Автомобиль жолунун уз. 91,9 миң км, темир жолунуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Окленд, Литтелтон.
Экспортунун структурасында эт-сүт продукциялары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуулук кылат. Сырттан ө. ж. т ов ар л ар ын – м аши на, жабдуу, транспорт каражаттарын сатып алат. Бул ар жал пы и м пор т т у н 40%ин түзөт. Сырьё, нефтьхимия продукцияларын да сатып алат.
Негизги соода шериктеш-



тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Респ., АСЕАН өлкөлөрү.
Маданияты
. Ж. З-да 6–15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамл. ж-а жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, ун-ттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 ун-т бар, алар Веллингтон, Окленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин ш-нда. Өлкөдө 5 борб. ж-а 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, о. эле мезгилдүү ж-а атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезиттери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс»

(50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамл. 2 жалпы улуттук радиопрограмма, о. эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык радиостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) ж-а 3 спутниктик телеберүү каналы б-ча жүргүзүлөт.
Ад-ты 19-к-дын 70-жылдарынан тартып англис тилинде өнүккөн. Маори элинин фольклору сакталган. Турак жайларды, чакан курулуштарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдарды түрлөнтө оймо-чиймелер м-н кооздоо – маори мад-тынын мүнөздүү белгиси. 19-к-дын 2-жарымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм м-н неоготика духундагы үйлөр азыркы имараттар м-н алмашылган. Ж. З-нын жерг. эли – маорилердин муз. өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-к-да Европа музыка мад-тынын таасиринде калыптанып,

Жергиликтүү маорилер.

Жергиликтүү маорилер.
өнүккөн. Профессиялык театры 20-к-да пайда болгон. 20-к-дын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, ун-ттер м-н мектептердин алдында ышкыбоздордун драма ж-а опера труппалары түзүлгөн. 1898-ж. алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-ж. Веллингтондо мамл. алгачкы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт галереясы (транспорт ж-а техника музейлери м-н), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтондо улуттук иск-во галереясы, Улуттук музей (этногр. жана табигый тарыхы жаатындагы экс-
понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар.
Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономикогеографическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005.