ЖАҢЫ-КЫШТАК
ЖАҢЫ-КЫШТАК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 8 км. Калкы 6002 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП бар.