ЖАҢЫ-ТУРМУШ
ЖАҢЫ-ТУРМУШ , Т у у р а-Ш и л б и – Ош облнун Алай р-нундагы кыштак. Жошолу айыл округуна караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 13 км. Ош т. ж. бекетинен 97 км. Кыштак 1939-ж. негизделген. Калкы 1003 (2008); мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.