ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу ири мөңгү, Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн бир тармагы. Боз-Кыр кырка тоосунун түн. капталынан орун алган. Уз. 10,4 км, аянты 32,1 км2и. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6700 м, этеги 4060 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгү не­гизинен фирн облусунда жатат. Абляция облу­су Эңилчек мөңгүлөрүнүн негизги өрөөнүнө ко­шулгандан кийин башталат.