ЖАПАРОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович (14. 9. 1964- ж. т., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.) – мамл. ишмер, экономика илимд. доктору (2009), II класстагы мамл. кеңешчи, КРдин эмг. сиң.

экономисти (2000). ФПИни

(1986), Бишкек финансы­экономика академиясын (2002) бүтүргөн. 1986–92-ж. ФПИде кенже ил. кызмат­кер, комсомол к-тинин сек­ретары, 1992–93-ж. КР Пре­зиденти ж-а КР Өкмөт ап­параттарында жаштар сая­саты б-ча б өлүм башчы, 1993–95-ж. Кырг-н социал­демокр. партиясында жооп­туу катчы, 1995–96-ж. КРдин 1-вице премьер­министринин жардамчысы, 1996–97-ж. КР Пре­зидентине караштуу Баалуу кагаздар рыногу б­ча улуттук комиссиянын мүчөсү, 1997–2000-ж. КР финансы министрлигине караштуу Мамл. башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамл. салык башкармалыгынын начальниги, 2005–07-ж. экономика ж-а финансы (кийин фи­нансы) министри, 2007–09-ж. экон. өнүгүү ж-а соода министри, 2009-жылдын октябрынан 2010- жылдын апрелине чейин КРдин 1-вице премьер­министри болуп иштеген. КРдин Жогорку Ке­ңешинин депутаты (2000–05). Рынок экономи­касы шартында Кырг-ндын экон. өнүгүү пробле­малары ж-а экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун ил. эмгектин автору.


Эмг.: Модернизация экономики Кыргызской Рес­публики (монетарно-фискальной политики). Б., 2008.