ЖАПАРОВ Бакас

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Бакас (11. 5. 1923, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы – 26.10. 2004, ошол эле жер) – педагог, тарыхчы, тарых илимд. кандидаты (1966), доцент (1969), К. Тыныста­нов атн. Ысык-Көл мамл. ун-тинин проф. (1993), Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1965), СССРдин жогорку мектебинин отличниги (1980). Каракол мугалимдер ин-тун (1948), Бишкек пед. ин-тун бүтүргөн (1951). Улуу Ата Мекендик со­гушка катышып (1942–46) келгенден кийин му­галим, мектеп директору (1948–55), 1961-жыл­га чейин билим берүү тармагында ж-а партия­лык жооптуу кызматтарда эмгектенген. Кара­кол пед. ин-тунун илим ж-а окуу иштери б-ча проректору (1961–64), Караколдогу Т. Сатылга­нов атн. мектеп-интернаттын директору (1964– 68), Каракол пед. ин-тунда окутуучу, кафедра башчысы (1968–80), көркөм графика ф-тинин деканы (1980–86). КПССтин ж-а Кырг-н Ком­партиясынын тарыхы б-ча ил. эмгектердин ав­тору. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик со­гуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.