ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАСАЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ – б. з. ч. 2-миң жылдыкта отурукташып жашаган, коло доо­рунун урууларына таандык билериктер. Алар томпок-катарыңкы колодон куюп жасалган ар­хеол. өзгөчө табылга. Ала-Бука р-нундагы Жа­пасалды кыш-нын жанынан табылган. Биле­риктердин учтары конус формасындагы спирал­сай баймалдары м-н кооздолуп, уркуюп чыгып турган кичиней мүйүзчөлөрдү элестетет. Диамет­ри 7, туурасы 1,6 см. Билериктер Түш. Кырг-нда жашаган уруулардын кооздук-асем буюмдары ж-ндө, о. эле колдонмо өнөрүнүн пайда болу­шунан маалымат берет. А. Абетеков.