ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ
ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ – салыштырмалуу бийикт. 1000 мден ашпаган тоо рельефинин тиби. Көбүнчө бийик тоолордун чет-жакасына, тектон. көтөрүлүүлөр анча болбогон зоналарга мүнөздүү. Кээде обочо жайгашкан жапыз тоолор да кездешет, мис., Казакстандагы Муголжар. Ж. т. р. негизинен андан бийик тоолордун денудациясынан пайда болот. Ага кыры жайпагыраак суу бөлгүчтөр ж-а жантайма капталдар, тектон. көтөрүлүүдө ургаалдуу эрозиялык тилмеленүүгө дуушарланган жерлерине өрөөн-капчыгайлуу, кокту-колоттуу, айрым жерине дөбө-дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү. Мөңгү жаткан бийик алкактарда Ж. т. р. альп мүнөзүнө ээ. Ж. т. р-нде ландшафттын өзгөчөлүктөрү орто ж-а бийик тоолордо салыштырмалуу азыраак байкалат.