ЖАРААТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРААТ – дене ткандарынын мех. жол м-н майып болушу. Ал сайылган, кесилген, тиш­телген, ок тийген ж. б. болуп бөлүнөт. Терең Ж-та анын май катмары, сөөк, ири кан тамыр­лар, нервдер жабыркашы мүмкүн. Ж-тын оор­дугу жабыркаган жерде ткандардын бузулуу өлчөмүнө, булганышына ж-а кандын агышы­на ж. б. жараша болот. Баштын, көөдөн м-н ичтин Ж-ы айрыкча коркунучтуу. Бардык Ж-та кан агат, ооруйт, ири кан тамырлар, ички органдар жарадар болгондо кан көп агып, ка­туу ооруп, өмүргө коркунучтуу шокко алып ке­лет. Курч нерсе м-н кесилген Ж-тын тегерегин­де жанчылган ткань азыраак болуп, Ж. инфек­циясы болбойт. Айрылган, урулган, жанчыл­ган, тиштелген, о. эле ок Ж-тарынын айлана­сындагы ткандар көп жанчылат. Ал жерде жан­чылган же бузулган ткань, о. эле уюган кан, ар кандай таза эмес нерселер (топурак, ылай, чөп­чар ж. б.) көп болот. Булар инфекция коркуну­чун – газ гангренасын, флегмона, абсцесс же Ж-тын бүтүндөй эле ириңдеп кетүү коркунучун туудурат. Оор учурда сепсис болушу мүмкүн. Би­ринчи жардам көрсөтүүдө барыдан мурда кан агууну токтотуп, булганбас үчүн асептикалык эрежени сактап, таза даки м-н бекем таңуу ке­рек. Ж-ты жууганга болбойт, себеби ириңдетүүчү микроб кирип кетүүсү мүмкүн. Буттун Ж-тарын­да аны кыймылдатпоо үчүн шакшак коюп та­ңып, мед. мекемеге жеткирип, селеймеге кар­шы эмдетүү зарыл.