ЖАРГАК ШЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГАК ШЫМ , ч а л б а р – эркектердин элик, эчки, текенин терисинен жасалган сырт кийими. Тери жы­дытылып, малма­га салынып, ий­ленгенден кийин ышкын түпкө же кабыкка боёлот. Ж. ш-дын бага­легинин эки жагы тилик келип, түс­тү ү жи пт ер м -н көбөөлөнүп сай­маланган. Каша­ты кең жасалып,

ага өрмө же кайыш ычкыр тагылган. Ж. ш. аңчылыкта, жоокерчиликте, ал эми кооздолгон­дору тойлордо, жөө күрөш, оодарыш өңдүү оюндарда кийилген. Азыркы учурда Ж. ш. ки­йилбей калды.