ЖАРЫК ДИОДУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ДИОДУ – жарык чыгаруучу жарым өткөргүчтөн турган диод. р ж-а n тибиндеги жарым өткөргүчтөрдөн түзүлгөн система жарым өткөргүчтүү диод деп аталат. Ушул система ар­кылуу ток өткөндө, алар тийишкен жерде пай­да болгон р–n өтүүсүнөн жарык чыгат. Ар кан­дай электр-техникада колдонулуучу жарым өт­көргүчтүү диоддон ток өткөндө, жарык нуру чыкпайт. Ж. д-н алыш үчүн n ж-а р тибиндеги жарым өткөргүчтөргө тиешелүү кошулманын концент-сын көбөйткөндө өткөрүмдүүлүк пайда болот. Ал туннелдүү диод деп аталат. Туннелдүү диод аркылуу ток өткөндө, белгилүү бир шарт­та жарык нуру чыгат. Ж. д-нун спектр диапа­зонун кеңейтиш үчүн жарым өткөргүчкө кошу­луучу аралашманын түрлөрү ж-а алардын ком­бинациялары колдонулат. Ж. д. радио, элект­рондук, электр-тех. алетте (прибордо) индика­тор катары, светофордо, компьютерде, автомат­тык көзөмөлдөөчү ж. б. алетте (прибордо) кол­донулат.