ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ – нур энергиясынын көзгө таасир этиши б-ча жарыктын нурлануу, таралуу ж-а кайра жаралуу (чагылуу, өткөрүү ж. у. с.) процесстерин аныктоочу чоңдуктар. Көрүү сезими нур энергиясынын кубаттуулугу­на ж-а спектрдик курамына жараша өзгөрөт. Алар жарык булагын жарык чыгаргыч катары мүнөздөйт. Негизги Ж. ч.– жарык агымынын көрүү сезимге таасири б-ча аныкталуучу нур энергиясынын кубаттуулугу. Аны ченөө бирди­ги – люмен. Жарык агымынын белгилүү уба­кыттагы таасири жарык энергиясын аныктайт. Бул эки негизги чоңдукту жарык чыгаруучу нерсенин аянты, жарык түшкөн бет ж-а көлөм­дүк бурчтун чоңдугу м-н байланыштырып, жа­рыктануучулук, жарык күчү, жаркырактык сыяктуу Ж. ч-н аныктоого болот.