ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРОНИКА
ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРО́НИКА – жарым өткөргүч элементтерине негизделген электроника. Ж. ө. э. жарым өткөргүч приборлордо өтүүчү процесстерди изилдейт, о. эле ар кыл жарым өткөргүч приборлорду, түзүлүштөрдү куруунун теориясын ж-а тажрыйбасын камтыйт. Ж. ө. э-нын приборлору, түзүлүштөрү турмуштун ар кыл чөйрөсүндө (өндүрүштө, байланышта, космос аппараттарында, турмуш тиричиликте ж. б.) абдан кеңири жайылды. Чоң интегралдык схемалар (чиптер), микропроцессор сыяктуу учурда чыгарылып жаткан көпчүлүк түрдүү аппараттардын, механизмдердин, приборлордун негизги куруучу элементтери катары колдонулат. Азыркы микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы жетишкендиктер, глобалдык интернет тармагынын кеңири таралышы, сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуу ж-а таратуу коомго маалымат рев-ясын алып келди.