ЖАРЫМ ТЕГИЗДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ТЕГИЗДИК – тегиздиктеги кандайдыр бир түз сызыктын бир тарабында жайгашкан чекиттердин көптүгү. Ж. т-тин чекиттеринин координаталары Ах+Ву+С>0 барабарсыздыгын канааттандырат, мында А, В, С – турактуу чоң-


дуктар ж-а А ж-а В бир убакта нөлгө барабар эмес. Эгерде Ах+Ву+С=0 түз сызыгы (Ж. т-тин чеги) Ж. т-ке таандык болсо, анда Ж. т. т у ю к деп аталат. Комплекстик z=x+iy тегиздигинде ж о г о р к у y=lm z>0, т ө м ө н к ү y=lmz<0, сол x=Re z< 0, оң x=Re z >0 Ж. т-тери ж. б. каралат.