ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай ж. б-ды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз ж-а эстетикалык сапаттагы тиричилик буюм-

Идиштер. Кытай. Нефрит 18-к. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.


Пиксида. Лимож. Франция. Эрмитаж. Ленинград.

дарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр. Ж.-к. к. и-суна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук ж. б. буюмдар м-н бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын ж-а ичин скульп­туралык жасалгалап кооздоо, каптооч карапа ж-а витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, Ж.-к. к. и. чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши м-н болгон байланышын жоготпойт ж-а өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө м-н бирдикте ачып көрсөтөт. Ж.-к. к. и-сунда кеңири колдо­нулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турган­да эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалга

Люстра. 1790-ж. чен. Са нк т- Пе те рб ур г. «Павловск» музей­коругу.

милдети м-н тыгыз байланышкан ж-а ансамбл­дин талаптарына ылайык анын техникасы м-н материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун мил­детин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарт­туулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Ж.-к. к. и. буюмдарынын кайра иштетилген маа­нидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмда­ры, кийим) ж-а көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери ж. б.) буюмдарын так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин ж-а так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети м-н шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу

Диний «цам» майрамы үчүн маска. Моңголия. 19–20-к. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.
Жагдан,чыныкап, көөкөр.

м-н эмес, ошол түрдүн максатка ылайыктуулу­гуна жараша чечилет; жасалга буюмдарда сю­жеттик композицияларды кеңири ж-а эркин пайдаланууга көбүрөөк жол берилет. Станок живописи м-н Ж.-к. к. и-сунун ортосунда орто­лук формалар (көркөм панно, гобелен, плафон, кооздук айкелдер) кеңири тараган. Булар арх­ралык бир бүтүндүктүн бөлүктөрү ж-а аны то­луктап турат. Ошол эле учурда аларды өз ал­дынча көркөм чыгарма катары да кароого бо­лот. Ж. к. к. и-су өзүнүн келип чыгыш тарыхы м-н көркөм өнөр дүйнөсүнүн эң байыркы түрүнө кирет, ал кол өнөрчүлүктүн өзүнчө өндүрүштүк бир тармагы болуп бөлүнүп чыккан учурунан баштап, эл арасында узчулуктун түрү катары өнүгүп келген.