ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ (курулушта) – пай­далануу ж-а кооздук сапаттарын жогорулатуу үчүн имараттардын ж-а курулуштардын ичи­тышын жасалгалоо м-н байланышкан курулуш жумуштары. Ж. и. курулуштун акыркы этабы болуп саналат ж-а анын баалуулугу сапаттуу бүткөрүлүшүнө жараша болот. Негизги Ж. и-не имараттын бетин шыбоо, кооздоо, алдын так­тайлоо, сырдоо, туштук кагаз (обои) чаптоо, ай­нектөө жумуштары кирет. Акыркы учурда ку­рулуш аянттарына даяр түрүндө жеткирилип, чогултулуучу ири өлчөмдөгү констр-лар ж-а з-ддо жасалуучу тетиктер (үстүн жапкыч ж-а ду­бал панелдери, санит.-тех. кабиналар, терезе ж-а эшик блоктору) кеңири колдонула башта-


ды. Булар Ж. и-нин жалпы көлөмүн азайтат. Курулуш объектилеринде Ж. и-нин көлөмүн бир топ азайтуучу, ишти тездетүүчү ж-а жеңилдетүүчү механикалаштырылган ар кандай каражаттар (шыбоочу ж-а сырдоочу кыймылдуу станция­лар, полимер материалдардан пол салуучу агре­гаттар, жылчык бүтөөчү аппараттар, жылма­лоочу ж-а сүрүүчү машиналар, термелгич насос­тор ж. б.) колдонулат. Азыркы курулуштарда негизги Ж. и-не – жасалгалоочу эритмелер ж-а бетондор, жаратылыш ж-а жасалма таш мате­риалдары, жасалгалоочу карапа, жыгач мате­риалдар м-н буюмдар, кагаз, айнек, пластмас­са, металл, лак-сырлар кирет. Ж. и. эмгекти өтө көп талап кылган майда жумуш ж-а куру­луш-монтаждоо ишиндеги эмгек чыгымдарынын 35%ке чейинин түзөт.