ЖЕБЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБЕжаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шил­би, кайыңга окшогон ийилчээк катуу жыгач­тан жасалган. Тийген жерине кирип кетиш үчүн Ж-нин учуна кийгизген металлды (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Ж. түз ж-а алыс кетсин үчүн арткы бөлүгүнө узата Ж. канатын жабыштырышат. Жаачылар Ж-ни саадакка салып жүрүшкөн.