ЖЕБЕЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБЕЛ – үңкүр; көп катмарлуу археол. эсте­лик. Түркмөнстандын Жебел шаарчасынан 4 км алыстыкта. 1949–50-ж. археолог А. П. Окладни­ков изилдеген. Төмөнкү 6 мезолиттик катмар­дан көп сандаган мезолиттик типтеги оттук таштан жасалган ар кандай куралдар, үстүңкү мезолиттик катмардан кууш түптүү буюмдар та­былган. Ж. эстелигинин жогорку катмарында неолит убагы м-н коло доору башталган кездеги өзүнчө бир катмар жаткандыгы эсепке алынган.