ЖЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы хим. элемент. Катар н. 29, ат. м. 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu ж-а 64Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10–2%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө


(көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Ж. – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгызд. 8,96 г/см3; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү би­рикмелерди пайда кылат. Кадимки темп-рада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu2O же не­гиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука ка­быкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирик­мелери Cu2O (чала оксиди), CuО2 (өтө оксиди). Ж. кадимки темп-рада галогендер, күкүрт м-н оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl2) ж-а сульфиддерди (Сu2S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку темп-рада да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз к-талары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концент. ысык күкүрт к-тасын­да эрип, жез сульфатын (CuSО4) пайда кылат.
Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo4 – 5Н2O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү Ж. туз­дары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окисте­нет же эки валенттүү Ж. туздарына чейин ажы­райт. Эки валенттүү Ж. туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu + көк түстө болот. Маа­нилүү минералдары: Сu2S – Ж. жалтырагы; CuFe S2 – Ж. колчеданы; CuS – каве ли т; CuCO3·Cu(OH)2 – малахит; CuCO3·2Cu(OH)2 – лазурит ж. б. Ө. ж-да Ж. сульфидине кычкыл­текти таасир этип, андан пайда болгон чала ок­сидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2; 2) Сu2S + 2Cu2O = = 6Cu + SO2. Таза Ж. жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгон­дуктан, ө. ж-да кеңири колдонулат. О. эле хим. аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга турук­туу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.