ЖЕКЕСАН
ЖЕКЕСАН – 1) кыргыздардын коңгуроо сымал тилдүү байыркы муз. аспабы. Ж-дын конус түрүндө жасалган түрү кеңири тараган. Анын бүлдүргүсү‚ тили илинүүчү бүтүн жагы түбү‚ ачык жагы оозу деп аталган. Тулкусунун бийикт. 70– 120 мм‚калыңдыгы 3–4 мм. Ал жезден‚ темирден‚ колодон жасалган. Добушу бийик болуп, көч баштаган төөнүн моюнуна тагылган; 2) баатырлар кийүүчү бийик такалуу кооз өтүк. Кол башчыларды же аскер башчыларын айырмалаган чин белгиси болгон.