ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ , а й р ы м т у у н д у – дифференциалдык эсептөөдөгү бир гана аргу­мент өзгөрүлгөндө бир нече өзгөрүлмөнүн функ­циясынын өзгөрүү ылдамдыгын мүнөздөөчү түшүнүк. Көп аргументтүү (көз каранды эмес чоң­дуктардын) u=f(x1, x2,..., xn) функциясынын xi (i=1, n)ден башка бардык аргументтерин ту­рактуу деп эсептеп, xi б-ча алынат. Ал du/dxi, f′(x), i=1, ..., n деп белгиленет. Көп өзгөрмөлүү функциялардын эң жөнөкөй – эки аргументтүү z=f (x, y) функциясы (x0, y ) чекитинин айма­гында аныкталса, y=y0 деп алынса, f(x, y0) функ­циясы x өзгөрмө чоңдугуна көз каранды болот.
Эгер f(x, y0) функциясы x0 чекитинде туундуга ээ болсо, анда ал туунду f(x, y) функциясынын (x0, y0) чекитиндеги x б-ча алынган Ж. т-сун берет, ал төмөнкүчө белгиленет: fх′(х0, у0) же ∂f(x0, y0 ) .x


Ад.: Бөрүбаев А., Бараталиев К. ж. б. Математи­калык анализ. 1-бөлүм. Б., 2002.