ЖЕКЕЧЕ ЧЫГАРЫЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕЧЕ ЧЫГАРЫЛЫШ , а й р ы м ч ы г а р ы­л ы ш – теңдеменин жалпы чыгарылышынан ага кирүүчү турактуу санга маани берүү м-н алы­нуучу чыгарылыш. Биринчи тартиптеги диффе­ренциалдык теңдеменин y=ϕ(x, C) жалпы чыга­рылышындагы С – турактуулугуна С=С0 маа­нисин бергенде алынган y=ϕ(x, C0) функциясы ошол теңдеменин Ж. ч-ы деп аталат. Турактуу сандын мындай мааниси теңдеме м-н бирге бе­рилген кошумча шарттын негизинде табылат. Мис., у″+у=0 теңдемесинин у=С1cosx + C2sinx жалпы чыгарылышынан С1=2, С2=–1 болгон­до, y=2cos – xsinx Ж. ч-ы алынат.