ЖЕЛДЕТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛДЕТҮҮ , в е н т и л я ц и я – (лат. ventilatio – желдетүү) – имаратта абанын алмашуусун жөн­гө салуу; адамдын ден соолугу үчүн таза абаны пайда кыла турган жабдууларды, курулуш има­раттарын, материалдарды, азык-түлүктөрдү ж. б. сактоону камсыз кылып, технол. талап­тарга жооп берүү чарасы. Ж. төмөндөгүдөй бөлүнөт: агып келүүчү, соруп чыгаруучу, агып келүүчү ж-а соруп чыгаруучу, жалпы, табигый, мех. агып келүүчү Ж-дө имараттын ичине таза аба берилет, ал эми абанын сыртка чыгуусу ашыкча басымдын пайда болушунун негизин­де, ар түрдүү жылчыктар, эшиктер аркылуу ишке ашырылат. Соруп чыгаруучу Ж-дө – аба има­раттардан желдеткичтер аркылуу чыгарылып, натыйжада аба суюлгандыктан, эшиктен ж-а имараттын жылчыктарынан сырттагы аба ки­рет. Агып келүүчү ж-а соруп чыгаруучу Ж-дө – аба бир эле убакта имараттын ичине кирги­зилип ж-а сыртка чыгарылып турат. Жалпы


Ж-дө – бардык жайларда бирдей темп-ра, аба­нын тазалыгы ж-а кыймылы сырттан кирген таза аба аркылуу камсыз болот. Жерг. өндүрүш жайларында чектелүү мейкиндикте талапка ыла­йыктуу абаны пайда кылат. Абадагы зыяндуу аралашмалар атайын шкафтар, зонттор ж. б. түзүлүштөр аркылуу кармалып, сыртка чыгары­лат. Табигый Ж. – аба имаратка терезе, ар түрдүү жылчыктар ж-а көңдөйлөр аркылуу кирет ж-а андан темп-ранын айырмасы (ички ж-а сырткы абанын тыгыздыгынын айырмасы) же шамал аркылуу сыртка үйлөтүлөт. Мех. Ж. – электр желдеткич м-н ишке ашырылат. Ө. ж. имара­тындагы өндүрүштүк зыяндуу заттар (чаң, буу ж-а газ) чаң тоскуч камералар, чыпкалар, түзүлүштөр аркылуу тазаланат.