ЖЕЛЕ-ДӨБӨ
ЖЕЛЕ-ДӨБӨ – майда дөбөлөрдүн узатасынан созулган тизмеги. Дөмпөйүп бириндеп, бир катар болуп («желеге» окшоп) жер бетине чыгып турат. Салыштырмалуу бийикт. 20–30 мден ашпайт. Жети-Өгүз р-нундагы Желе-Дөбө кыш-нын аты да ушул түшүнүккө байланыштуу пайда болгон.