ЖЕЛИМЧИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛИМЧИЛЕР (Phlebotomidae) – кош канат­туулар түркүмүндөгү чиркейлер тукуму. Денеси жүн м-н капталган, уз. 1,3–3,7 мм. Эркеги – өсүмдүк ширеси, ургаачысы жаныбар каны м-н азыктанат. Алар жылуу өлкөлөрдө таралган.
Үңкүр, жар жаракасында, ийинде, турак жай­да, мал сарайда жашайт. Ж-дин 500гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусунун 30дай түрү бар. Алар О. Азия, Закавказье респ­каларында ж-а Түн. Украина, Молдавияда кезде­шет. Ж. чакканда өтө кычышат, ыйлаакчалар пайда болот. Ж. малдан кишиге лейшманиоз ж-а желимчи лихорадкасын жугузат. Аларды жо­готуу үчүн биол. ж-а хим. жолдор колдонулат.