ЖЕМСӨӨ
ЖЕМСӨӨ – бир катар омурткасыз жаныбарлардын (моллюскалар, курттар, курт-кумурскалар) ж-а канаттуулардын кызыл өңгөчүнүн кеңейген бөлүгү. Азыкты чогултуу, сактоо, ал эми кээде азыкты алдын ала хим. иштетүү кызматын аткарат. Аарынын Ж-сүндө нектар кайтадан иштетилип, балга айланат. Куштарда Ж-нүн мезгил-мезгили м-н жыйрылышы карынга азыкты жылдырат, сиңбей калган калдыгын сыртка кулгуп чыгарып, балапандарын азыктандырат. Көгүчкөн жумуртка баскандан 8-күндөн баштап Ж-нүн эпителий клеткалары майга ажырап, бөлүнөт да, Ж-дөн бөлүнгөн зат (агыш суюктук) м-н балапанын багат. Чөлдө жашаган кара боор балапандарына Ж-сү м-н суу ташып барат.