ЖЕҢИЖОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИЖОК (өз аты-жөнү – Көкө уулу Өтө; 1860, Талас өрөөнү, азыркы Манас р-ну, Покровка кыш. – 1918, Аксы р-ну, Кара-Суу айылы) – кыргыз элинин актаңдай акындарынын бири.

Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин Аксыдагы таякелерине ба­рып, ошол жерде өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Ж. Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кырг-н Рос­сиянын курамында баскын­чылык саясаттын азабын Ж-тун кайталангыс акындык чыг-лыгы ачыл­ган. Жазма ад-ттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Ж. өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тар­тынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарт­тан азап чеккенин ал олуттуу түр м-н көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыг-лыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда ча­гылдырылган. Ж. ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Ж. өзүнүн за­мандаш акындарынын бир тобу м-н айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет ж. б. акындар м-н айтышы белгилүү. Нурмолдо м-н негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кыл­са, Эсенаман м-н болгон айтышта сөз тапкыч­тыгы аркылуу жеңип чыккан. Барпы м-н ай­тышта негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сы­патталып айтылат. Ж-тун чыгармаларында са­нат-насыят ырлары да басымдуу. Акын ар бир муун өкүлүнүн, жаш м-н карынын адеп-ыйман- Жеңижок. Р. Иса­ков тарткан сүрөт. тарт ып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдык дык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. Анын көр­көмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда теңсиздикке капталган карапайым калктын са­ясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгил­де. Ж. өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маа­ни-маңызы акындын чыгармаларында жогор­ку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Дүйнө тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыгынын нукура бер­меттеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Ж. аккан сууну жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Ак­кан сууну» Ж. замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Ж-тун «Ак­кан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Ж-тун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын филос. чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыре­тин ырга кошобу – баарында тең анын инсан­дык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Ж-ко гана тиешелүү экени көрүнүп турат. Ж. табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачыл­ган Ж. айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери м-н таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки ж-а жазма ад-ттын ыктуу ашташынан бааланбай, жыйналбай калган. Ж-тун: «Ал­ган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр кал­ды» деген ыр саптары бекер жеринен айтылба­ган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармаларын А. Жусупбе­ков жыйнап, 1982-ж. «Жеңижок» деген ат м-н жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясы­нын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фонду сундагы м ате риалдардын неги зинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. О. эле 2006-ж. «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмала­ры жарык көрдү. Аксы р-нун Кара-Суу айлын­дагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тур­гузулган, музейи бар.


Ад.: Акыев К. Баскан жол. Ф., 1964; Айтыштар, 1-т. Ф., 1972; Эл ырчылары / Түзгөн С. Кайыпов. Ф., 1981; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Жеңижок / Түзгөн А. Жусуп­беков. Б., 2006. А. Обозканов.