ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ – өлкөбүздөгү жалпы эл­дик майрам. Улуу Ата Мекендик согушта (1941– 45) совет элинин фашисттик Германияны жеңге­ни белгиленип, жылына 9-майда өткөрүлөт. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (1945-ж. 8-май) б-ча белгиленген; СССР Жогорку Советинин Указы (1965-ж. 26-апрель) м-н 9-май – Жеңиш майрамы деп жарыяланган. Бул күн ас­кердик парад өткөрүү, салют атуу, салтанаттуу чогулуштарды, ардагерлер м-н жолугушууларды өткөрүү м-н эстеликтерге, мемориалдарга, боор­доштук көрүстөндөргө гүл коюу м-н белгиленет.