ГУПТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУПТАЛАР – 4–6-к-да Түн. Индияны башкарган династия. Магадханын майда княздарынан чыккан. Чандрагупта I Викрамадитья башкарган жылдары (320–340-ж., ал өзүн император деп жарыялаган) Г. мамлекети түзүлө баштап, Самудрагупта м-н Чандрагупта II (380–414-ж. бийлеген) бүткүл Түн. Индияны баш ийдирген. Г. жеринин түн.-батыш бөлүгү 6-к-да эфталиттердин бийлигинде болуп, андан 528-ж. ченде кутулат. Эфталиттерге каршы согуштан (калыбы, ички кризистен да) алсыраган. Г. мамлекети 6-к-да кулаган. Г-дын тушунда экономика, иск-во, ад-т кыйла гүлдөгөн.