ЖЕРГЕ-ТАЛ 2
ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 59 км, алабынын аянты 372 км2. Байдулу тоосунун түш. капталынан башталып, кууш, карагайлуу терең капчыгай м-н агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз ж. б. Жылдык орт. чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрдын башында тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге- Тал кыш. жайгашкан.