ЖЕР-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРҮ – мөмөсү желе турган көп жылдык бадал, чала бадал ж-а чөп өсүмдүктөр. Алардын негизги сөңгөгү болбойт. Бийикт. 0,8–6 м, 10–20 жыл өсөт. Ж.-ж. ө-нүн жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. А. и. кожогат, карагат, дан куурай, барсылдак ж. б. кеңири та­ралган. Булар эрте бышкандыгы м-н айырма­ланат. Жыл сайын көп түшүм берет. Кырг-н­дын Ысык-Көл өрөөнүндө жапайы дан куурай,

Жер-жемиштер: 1, 2 – дан куурай; 3–5 – кулпунай; 6, 7 – карагат.

кулпунай, карагат, чычырканак, бөрү карагат, ит мурун, Чүй өрөөнү м-н Ош обл-нда кызыл карагат, кожогат, дан куурай ж. б. көп өсөт. Ж.-ж. ө. эрте жазда же күзүндө отургузулат. 1 га жерге 80 миң түп кожогат, 3—6 миң түп кара­гат же барсылдак отургузууга болот, Ж.-ж. ө. калемче, чырпык, өркүндөрүнөн көбөйтүлөт. Ар га жерден 4—5 т карагат, 6—10 т кожогат, 10 кгга чейин дан куурай алынат.