ЖЕР ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ИШТЕРИ – жер казуу, тегиздөө, тыгыз­доо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Ж. и-нин максаты – жер кыртышынан инж. курулуш (плотина, темир ж-а автомобиль жолдору, ка­нал, траншея ж. у. с.) куруу, имарат ж-а куру­луштун негизин түптөө, курулуучу имараттар­дын ордун тегиздөө, о. эле пайдалуу кен чыгуу­чу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма м-н кен казып алууга байланышкан Ж. и. тоо жумушуна кирет. Ж. и. ачык (жер үстүндө), жер асты ж-а суу асты болуп бөлүнөт. Ж. и-н атка­руу курулуш машиналары (экскаватор, бульдо­зер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор,


дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч ж. у. с.), о. эле гидромеханикалаштыруу кара­жаттары ж-а жардыруу ыкмасы м-н ишке ашы­рылат. Ж. и-нен мурда даярдоо иштери – куру­луш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу ж. у. с. жумуштар жүргүзүлөт.