ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ
ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ – Совет бийлигинин агрардык саясатын иш жүзүнө ашыруу үчүн Түркстан АССРинде түзүлгөн уюмдар. Ж.-с. к. кабыл алган жобого ылайык айыл жеринде жашап, 20 жаштан ашкан 500 адамга бирден мүчө шайлоого укук берилип, жеке менчикке тиешелүү жер-суу, токойлорду өз колдоруна алуу (экспроприация) м-н жаңы чарбаларды уюштурушкан. Кырг-нда мындай к-ттер 1918-ж. уюшулуп, 1920-ж. Жерг. Советтердин жер-суу бөлүмдөрү болуп кайрадан түзүлгөн.