ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ
ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Чоң ж-а Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Ара-Бел суусунун име-

рилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуусуна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Уз. 102 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Ара-Бел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу 600–1000 м, батышындагы Буркан ж-а Арчалы өрөөндөрүнөн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Капталдары тик ж-а кыска, тепши сымал өрөөндөр м-н терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр м-н бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таштар ж. б.) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетим-Бел (3993 м), Сөөк (4022 м), Сары-Төр (4050 м), Кызыл-Суу (3975 м). Негизинен жогорку протерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кумдук, алевролит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы катмарлары неоген-төртүнчүлүк мезгилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңий баштайт). Тоонун түш. капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түн. каптал ына шал баал уу т алаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.