ЖЕТИМИШЕВ
ЖЕТИМИШЕВ Сейит (15. 10. 1936-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Кичи Кемин айылы) – жазуучу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1991). КМУнун филология ф-тин бүтүрүп (1958), Кырг-н ЛКЖСтин Фрунзе обкомунун инструктору, 1959–66-ж. Кыргыз ССР мамл. телекөрсөтүү ж-а радио уктуруу к-тинде редактор, 1967–71-ж. «Кыргыз маданияты» гезитинде башкы редактордун орун басары, 1971–73-ж. Кырг-н КП БКнын инструктору, 1973–75-ж. «Кыргызстан» басмасынын директору, 1975–83-ж. «Чалкан» журналынын башкы редактору, 1987– 88-ж. «Мектеп», 1988–92-ж. «Адабият» басмасынын директору, 1992-ж. КРдин Өкмөтүнө караштуу мамл. архив агентчилигинин директорунун орун басары болуп иштеген. Чыг-лыгы 1950-жылдарда башталган. Алгачкы повести «Менин атам» деген ат м-н 1962-ж. жарык көргөн. Ж. – «Ички кайрыктар» (1964), «Мезгил закымдары» (1968), «Тоо булагы» (1987), «Эл арасында» (1-китеби, 1989) ж. б. китептердин автору. «Чертилген кыялдар» аттуу ыр жыйнагы (2006; 2009), «Эл арасында» романы (I–II тому, 2007), о. эле бир нече адабий эсселери бар. Чыгармалары орус, уйгур, латыш, украин, кытай ж. б. тилдерге которулган. Даңк медалы м-н сыйланган (2007).