ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ Ысык-Көл обл-нда. 1930-ж. бир нече болуштуктар биригип, Ж.-Ө. ж-а Пок­ровка р-ндору болуп уюшулган. 1959-ж. эки ра­йон биригип, Ж.-Ө. р. аталып калган. (1962-ж. Ысык-Көл обл-су жоюлганда Тоң р-нуна кошу­луп, түздөн-түз баш ийүүдө болгон. 1965-ж. кайра бөлүнгөн). Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң р-ндору, түш.-батышынан Нарын облусу, түш.- чыгышынан Кытай м-н чектешип, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 14,0 миң км2. Калкы 82,1 миң (2009). Борбору – Кызыл-Суу кыш.
Райондун аймагы негизинен тоолуу; рельефине жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түн. (Ысык- Көлдүн жээк түздүгү ж-а Тескей Ала-Тоонун түн. этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) ж-а Тескей Ала-Тоо м-н Какшаал тоо тизмегинин аралыгын­да жаткан Ысык-Көл сырты. Негизги тоо тар­мактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагын­дагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м),

Жети-Өгүз шаркы­ратмасы.


Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кыр­ка тоосу (5170 м), Жетим-Бел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м). Негиз­ги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку На­рын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Көл – Сары- Чат өрөөнү ж. б. Алар деңиз деңг. 1608 мден (Ысык-Көл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Ара-Бел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Ала-Тоо м-н Какшаал тоо тизмегинин аралыгында де­ңиз деңг. 2500 мден жогору күдүрлүү кенен ай­мак – Сырт, Ысык-Көл сырты жайгашкан. Кен байлыктары: калий, алтын (Кум-Төр), вольф­рам, коргошун, графит, темир, о. эле минерал­дуу жылуу булактар (к. Жети-Өгүз минерал­дуу суусу макаласын), курулуш материалдары ж. б. Райондун Ысык-Көл жак бөлүгүндө де­ңиздик-тоо, Сыртка кескин континенттик кли­мат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы сал­кын (июлдун орт. темп-расы 17,5°С), кышы жум­шак (январдыкы –2,9°С). Сырттын кышы узак ж-а суук (январдыкы –22°С), жайы кыска ж-а салкын (июлдуку 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200– 300 мм. Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Са­ры-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барс­кон ж. б. суулар башталат. Майда көлдөрү бар. Топурак м-н өсүмдүктөрү бийиктик алкактуу­лук б-ча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кур­гак талаа, талаа-шалбаа, токой (негизинен ка­рагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гля­циалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөз­дүү. Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфера­лык резерватына кирет; Жети-Өгүз корукчасы уюшулган.


Калкы облустун калкынын 18,7%ин түзөт; көп улуттуу. Негизинен кыргыз (87,3%), орус (7,4%), дуңган (2,4%), украин (0,5%) ж. б. улут­тар жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 5,7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан. Райондо 13 айыл округу, 43 кыштак бар.
Чарбасынын негизги тармагы – а. ч-сы; 1149 дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум мамл. з-ду, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-же­миш питомниги иштейт. Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткенди­гине карабастан, Ж.-Ө. р. малынын саны б-ча облуста 1-орунда, 32,6 миң уй (сааны 16,5 миң), 157,1 миң кой-эчки, 17,1 миң жылкы, 2,2 миң чочко, 750,1 миң үй кушу болгон. 2006-ж. 9,1 миң т эт, 37,9 миң т сүт, 1,4 млн даана жумурт­ка, 536 т жүн даярдалган. Сырттын жайыты кенен болгондугуна карабастан анын алыс жай­гашкандыгына байланыштуу чарбада чектелүү гана пайдаланылууда. Райондун чыгыш бөлүгү­нүн табияты чарбачылыкка ыңгайлуу болгон­дуктан, анда а. ч-сы өнүккөн. А. ч-нын негиз­ги продукциясын дан эгиндери, о. эле картөшкө түзөт. Айдоо жеринин дээрлик 70,0%ин дан эгиндери ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Райондун бардык жер аянты 1,4 млн га, а. и. а. ч-га жарактуу жери 486,0 миң га, айдоо жери 42,5 миң га, чабындысы 877 га, жайыты 484,1 миң га. 2006-ж. 13,1 миң га дан эгиндери, 14,5 миң га көп жылдык чөп, 2,6 миң га бир жылдык чөп, 3,6 миң га силос үчүн жүгөрү, 0,8 миң га картөшкө, 0,1 миң га жа­шылча айдалган. Дыйканчылыктан 2006-ж. 33,7 миң т дан, 194,9 миң т картөшкө, 11,0 миң т жашылча, 9,4 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Негизги ө. ж. ишканалары: Кум-Төр алтын комбинаты, Кызыл-Суудагы «Ак-Жалга» АК (сүт, быштак), «Шербет» жоопкерчилиги чектелген коому ж-а кыш, нан з-ддору, о. эле айыл-кыш­тактардагы тегирмендер, май сыгуучу ишкана­лар ж. б. Райондун ө. ж. ишканалары 2008-ж. («Кум-Төр» алтын комбинатын кошкондо) 180,5 млн сом (облустун 93,3%, республикасынын 21,7%) продукция өндүргөн. Райондун аймагы аркылуу Ысык-Көлдү айланта курулган эл ара­лык маанидеги автомобиль жолунун бир бөлүгү, көлдүн түш. жээгин бойлоп, Бөкөнбаев – Кы­зыл-Суу – Каракол аркылуу өтөт. 2008-ж. авто­мобиль транспорту м-н 399,9 миң т (облустун 9,3%,) жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жү­гүртүлүшү 73,5 млн жүргүнчү-километр (11,8%) болгон. Райондо калкка көрсөтүлүүчү тейлөөнүн көлөмү 69,0 млн сомду (4,9%) түзгөн.
Район туризм сектору б-ча облуста Ысык-Көл р-нунан кийинки 2-орунда турат. Мында көл жээгиндеги күнөстүү пляждардан сырткары та­бигый ажайып кооз жерлер (Жети-Өгүз өрөө­нүндөгү Көк-Жайык, Жарылган жүрөк, Кызыл- Жар аскалары, Жууку, Кызыл-Суу сыяктуу өрөөндөр ж. б.), Жети-Өгүз курорту, Ысык-Көл, Тамга санаторийлери туристтерди ж-а эс алуу­чуларды кышы-жайы кабыл алат. Тарыхый эс­теликтерден 7–15-к-га таандык Барскон шаар чалдыбары бар. Райондун аймагы аркылуу Биш­кек – Балыкчы – Каракол (көлдүн тескейи м-н), Барскон – Ак-Шыйрак, Барскон – Кум-Төр ав­томобиль жолдору өтөт. Кызыл-Сууда пристань, Тамга айылында аэропорт бар.
Райондо 28 орто, 8 негизги (1 жатак мектеп), 2 башталгыч мектеп бар; анда 18,3 миң окуучу окуйт. Ырдык, Богатыровка, Липенка, Орго­чор, Светлая Поляна, Тамга ж. б. кыш-нда окуу орус-кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Райондо­гу 8 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 155 бала тарбияланууда. Эки кесиптик-тех. окуу жайы (Кызыл-Суу, Барскон кыш-нда), район­дук борб. китепкана ж-а анын бөлүмдөрү, ж. б. мад-т мекемелери бар. Кыргыз ж-а орус тилде­ринде «Жети-Өгүз жаңылыгы», «Жети-Огузская новь» гезиттери чыгат. Райондук оорукана (275 орундуу), бейтапкана, балдар бейтапканасы, участкалык ооруканалар (Кара-Сай, Караколка, Тамга, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак кыш-нда), 22 ФАП, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. иш­тейт. Район б-ча 113 врач, 511 мед. орто билимдүү адис, а. и. санитария эпидемиол. станцияда 14 врач, 49 мед. орто билимдүү кызматкерлер эм­гектенет. А. Мырзаев, З. Бейшеев.