ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ (1867–1922-ж. Семиречье, 1922–24-ж. Жети-Суу обл.) – 1867-ж. августта Түркстан генерал-губернаторлугунун курамын­дагы адм. аймак (к. Жети-Суу). Ж.-С. о-нун ку­рамына Сергиеополь (1875-жылдан Лепси), Ка­пал, Верный, Жаркен, Ысык-Көл (кийин Кара­кол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери кирген. 1882-ж. Акмоло, Семей обл-тары м-н бирге жаңы уюшу Талаа генерал-губернаторлугунун курамына, 1897-ж. кайрадан Түркстан генерал­губернаторлугуна өткөн. 1922-ж. Жети-Суу обл. болуп которулган.