ЖЕТИ-ШААР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ШААР – 1864–77-ж. Чыгыш Түркстан­дагы мусулман мамлекети. 1864-ж. 7-июнга караган түнү Куча ш-нда кытай эзүүсүнө каршы дунган, уйгурлардын (к. Дунган көтөрүлүшү, Дунган хандыгы) кезектеги көтөрүлүшү башта­лып, аны Чыгыш Түркстандын башка шаарла­ры да колдоп чыгышкан. Негизги ролду ислам дини ойноп, кучалык көтөрүлүшчүлөр «Канко­жо» («Хан-кожо») деген ат м-н кара тоолук со­пулардын (к. Исхакийа тарикаты) өкүлү Ра-


шид-ад-динди хан жарыялашкан, бирок Каш­кар, Жаркен (Жаркент), Котон (Хотан) ш-нын көтөрүлүшчүлөрү аны хан деп таануудан баш тартышкан. Натыйжада, Канкожо өзүнүн туу­су алдында жыйылган бир нече жүз колду ини­си Искак кожого башкартып, чыгышка аттан­дырган. Искактын колу адегенде императордун 300 араба ок-дары, 470 замбиреги м-н 24000 ас­керин, кийин 10 000 аскерден турган экинчи колун талкалап, Кара-Шаар, Турпанды, 1866-ж. 5-майда Комулду (Хами), ал эми батышка ат­тандырган колу Бай, Жам, Ак-Суу, Үч-Турпан­ды алган. Көп өтпөй Үч-Турпанда буларга кар­шы жерг. бийлер Мухаммед казы, Молдо Эмин шайык ж. б. башчылык кылган көтөрүлүш баш­талып, аларга кыргыздар да кошулган. Бирок көтөрүлүшчүлөр тез эле жеңилип, аман калган­дардын көбү Иле тарапка ж-а Кашкардын бийи Сыдыкбектин алдына качышкан. Чыгыш Түркстандагы Сыдыкбек башкарган Кашкар ж-а Убайдулланын кол алдындагы Котон ш-нан башкасы Канкожонун колуна өткөн соң, Сы­дыкбек Кокон хандыгында Цин өкмөтүнөн жа­шырынып жүргөн актоолук (к. «Ышкиййа та­рикаты») Жааңгер кожонун тукуму Бузурук кожону Кашкарга чакыр ып, бийли гин өткөрүп берген (1864). Бузурук кожо Йакуб бекти баатыр башы кызматына дайындаган. 1867-ж. июлда Жаркен ж-а Кучанын алдында­гы салгылашууда кара тоолук сопулар же­ңилүүгө дуушар болгон. Көп узабай Йакуб бек бийликти тартып алып, согушсуз Котон ш-н ээлеп, Убайдулланы өлүм жазасына буюруп, Бу­зурук кожону күчкө салып Мекеге зыяратка жөнөткөн. Натыйжада Чыгыш Түркстанда Йа­куб бек башында турган Кашкар, Жаркен, Ко­тон, Куча, Ак-Суу, Кара-Шаар, Турпанды ку­чагына алган Ж.-Ш. мамлекети түзүлгөн. 1877-ж. Цин империясынын аскери Чыгыш Түркстанга кириши м-н Ж.-Ш. өз жашоосун ток­тоткон.


Ад.: Куропаткин А. Кашгария. СПб., 1879; Тихо­нов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Исиев Д. А. Уйгурское государство Йетти­шар. М., 1981; Кузнецов В. С. Империя Цин и му­сульманский мир. Новосибирск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Э. Турганбаев.