ЖЕТҮҮ
ЖЕТҮҮ и н ф о р м а т и к а д а – 1) компьютер тармагына жетүүгө ж-а анын ресурстарын колдонууга уруксат алуу укугу же мүмкүнчүлүгү; 2) компьютер тармагына каалагандай берилиштер же документтер түрүн ачуу же аларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү; 3) берилиштерди же программалык көрсөтмөлөрдү түздөн-түз катуу дискте, дискте же компьютер тармагынын башка сырткы түзүлмөлөрүндө ж-а модемдерде калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү.